КУЛЬМИНАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛЬМИНА́ЦИЯ (лат. culmen – туу чоку) – 1) кандайдыр бир нерсенин өсүү жолундагы чегине жеткен мезгили; 2) а с т р о н о м и я д а – асман жарык чыгаруучусунун асман меридианы аркылуу өтүшү; 3) а д а б и я т т а – көркөм чыгармадагы окуянын өнүгүп жеткен чеги. Сюжеттүү чыгармада түйүндөшкөн, чиеленишкен окуя эң өнүккөн бийиктикке жетет да, андан ары каармандардын тагдыры чечилет. Мис., Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинде Данияр менен Жамийланын ортосундагы мамиле, сүйүүнүн жогорку бийиктикке жетиши, «август түнү» – повесттин К-сы.