КУЛУНЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛУНЧАК (Aconitum leocostomum) – өсүмдүк­төрдүн уу коргошундар уруусундагы түрү. Би­йикт. 65 – 200 ге жеткен көп жылдык чөп.
К. кирпиктей же тармал сейрек түктүү. Жалбырагы чоң, туурасы 25 смге, уз. 15 смге жетет, теңине чейин терең манжадай тилкелүү. Гүлү сабак учунда калемчедей топ гүлдү түзөт. Желекчеси көгүш кызыл, майда түктүү. Аталык менен энеликтери түксүз. Мөмөсү – оролгон жалбырактай, көп уруктуу кутуча. Бийик тоодогу шалбаада, токой арасында өсөт. Кырг-нда Күнгөй, Тескей, Кыргыз Ала-Тоолорунда, Сары- Жаз өрөөнүндө, Суусамырда, Узун-Акмат тоо­сунда кездешет. Тамырынын дарылык касиети бар, ал эми бүт тулкусу малга уу, к. Уу кор­гошун.