КУЛУНДУ ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛУНДУ ТАЛААСЫ , К у л у н д у т ү з д ү г ү Батыш Сибирдин түштүгүндө. Иртыш жана Обь д-нын аралыгында, Алтай крайынын жана Пав­лодар обл-нун аймагында жайгашкан. Түндүгүнөн Бараба талаасы менен чектешет. Аянты 100 км2дей. Жеринин бети күдүрлүү (бийикт. 250 мге чейин). Түздүк аркылуу Күчүк, Кулунду ж. б. дарыялар агат; туюк көлдөр бар. Көлдөрдө сода (Петухов, Танатар көлдөрүндө), глаубер (Кулунду, Күчүк) жана кайнатма туздарынын (Чоң жана Кичи Яровой) запасы мол. Климаты к онтиненттик; январдын орт. темп-расы –17°Сден –19°Сге чейин, июлдуку 19–22°С. Түндүгү менен чыгышына дан өсүмдүктөрү, түштүгү менен батышына шыбак-дан өсүмдүктүү талаа ландшафты мүнөздүү (көп бөлүгү айдалган). Жалчалардын капталдары кызыл карагайлуу токой. К. т. – Батыш Сибирдин сүт багытындагы мал чарбасы жана дыйканчылыгы өнүккөн аймагы.