КУЛТАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛТАЕВА Үмүт Баймуратовна (24. 4. 1954-ж. т., Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Маркай айы­лы) – адабиятчы, филология илимд. Доктору (2011), педагогика илимд. кандидаты, (1990), доцент (1999), КРдин Эл агартуусунун отличниги (2000). 1976-ж. ОМПИнин филология ф-тин бүтүргөн. 1976–81-ж. Көк-Жаңгак ш-ндагы Сары-Булак, Сузак р-ндагы «Ырыс» орто мектептеринде мугалим, 1982–85-ж. Кыргыз педагогика ИИИде аспирант, 1985–87-ж. ил. кызматкер, 1987–89-ж. Фрунзе ш-ндагы ¹ 39 мектепте мугалим, ошол эле учурда В. В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-келиндер ин-тунда окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, 2000–07-ж. Мамл. тил жана мад-т ин-тунун директору, 2008-ж. докторант, 2009-жылдан Ж. Баласагын атн. КУУнун мамл. тил б-ча проректору болуп иштейт. К. 30 жылдан ашык үзгүлтүксүз пед. жана ил. иш менен алектенет. «Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуунун методикасы» (1995, 2003), «Жусуп Мамай» (2004), «Кыргызча сүйлөшөбүз» (2004), «Токтосун Самудинов: Азыркы кыргыз адабияты» (2005) ж. б. эмгектери бар. О. эле 100дөн ашык ил.-метод., 70тен ашык публ. макалалардын автору.


Эмг.: Турмуш чындыгы жана көркөм образ. Б., 2003; Кыргыз тарыхый романтикасы. Б., 2006; Кыргыз тарыхый романдарынын жанрдык өзгөчөлүгү. Б., 2009.