КУЛОН 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛО́Н (Кл, С) – 1) эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) электр санынын (электр зарядынын) бирдиги. Белгилениши: Кл. К. өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 А турактуу ток секда өткөн электр санына барабар (ампер-сек). Бул бирдик Ш. О. Кулондун ысмы менен аталган. 2) СИ бирдигиндеги электр жылышуусунун (электр индукциясынын агымынын) бирдиги.