КУЛМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛМАТОВ Сатар (1904, азыркы Чүй обл., Ке­мин р-ну, Чоң-Кемин кыш. – 1938, Фрунзе) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1919-ж. Токмок, Пишпек уезддеринде комсомол ячейкасын түзүүгө катыш­кан. 1921–22-ж. Ташкенттеги сов.-парт. мектепти бүтүрүп, комсомолдук кызматтарда иштеген.

«Ленинчил жаш» гезитин чыгарган демилгечилердин бири болгон. 1922–28-ж. Кыргыз АССР БАКтын жооптуу секретары, 1928–30-ж. Каракол округдук к-тинин, кийин партиянын Талас, Нарын райкомдорунда секретарь, 1937-жылдан Кыргыз ССР Жеңил ө. ж. комиссары болуп иштеген. Кырг-н КП(б) БКнын мүчөсү (1937). 1937–38-ж. Социал-Туран партиясынын мүчөсү жана Ж. Абдрахманов менен байланышкан деген жалаа менен репрессияланган.


Ад.: Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.