КУЛМАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛМАК (Humulus) – оролмо өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык, эки үйлүү. Гүлү майда, бир жыныстуу. Жөнөкөй жалбырагы сабагында туташ жайгашкан. 4 түрү Жер бетиндеги мелүүн алкакта таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Кырг-нда кадимки К. өстүрүлөт. Анын тобурчагында ашаткыч, ачуу, ароматтуу ж. б. заттар болот. Энелик гүлү (20–40) тобурчак сымал, аталык гүлү шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Чайыраромат зат – лупулин бар. Мөмөсү – жаңгакча.
Негизинен Түн. Америка жана Европада эгилет. Вегетация жолу менен көбөйөт. Анын топ гүлүн (тобурчагын) күзүндө жыйнап, кургатып, күкүрттүү газ менен ыштайт да, пиво кайнатууга керектейт. Айрым сорту кооздук үчүн өстүрүлөт.