КУЛИКОВ САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛИКО́В САЛГЫЛАШЫ (1380) – Владимир жана Москванын улуу князы Д. И. Донской жетектеген орус аскерлери менен Мамай башында турган моңгол-татарлардын1380-ж.Куликов талаасында салгылашуусу. Мамай Рустун Алтын Ордого көз карандылыгын күчөтүү үчүн 100–150 миңдей кол курап, Литванын, Рязандын улуу княздары менен союздашып, орустарга каршы жортуулга чыккан.

«Куликов салгылашы» жыл баян жыйнагынан миниатюра. 16-к-дын 2-жарымы. Россия улуттук китепканасы. Санкт-Петербург.

Муну уккан Д. И. Донской 8- сентябрда резерв полкторун Дондун сол жээгиндеги Куликов талаасына жайгаштырган. Салгылаш Пересвет жана Челубей баатырлардын жекеде сайышы менен башталып, андан экөө тең каза болгон. Адегенде ийгиликке татарлар жеткен, бирок Боброк-Волынец жана Владимир Андреевич жетектеген буктурмадагы орус аскерлеринин чабуулга өтүшү менен Мамайдын аскерлери жеңилген. К. с. Алтын Ордонун кулашын тездетип, орус мамлекетин түзүүдө Москва княздыгынын ролун күчөткөн. 1850-ж. Кызыл Дөбөгө Дмитрий Донскойго мамы түрүндөгү эстелик тургузулган. 1996-ж. «Куликов талаасы» аскердик-тарыхый жана жаратылыш музей-коругу уюшулган.


Ад.: Куликово поле: Большая иллюстрированная энциклопедия. Тула, 2007.