КУЛЖА-ЭМБЕС КӨМҮР КЕНИ
КУЛЖА-ЭМБЕС КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад облнун Сузак р-нунда, Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш тарамында, Он-Кара-Айры (Көгарт суусунун сол куймасы) – Талды-Суу (Жазы суусунун оң куймасы) сууларынын аралыгында. Кен 1928-жылдан белгилүү. 1944- жана 1988-ж. издөө, 1991–93-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Юра катмарынын көмүрлүү туюк свитасында 6 кабат жана кабатчалар бөлүнгөн. А. и. экөө ө. ж-лык мааниге ээ. Бул кабаттардын калыңдыгы 0,3 мден 4,35 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча көмүрдүн болжолдуу маркасы узун жалындуу (Д). Күлдүүлүгү 7,85%тен 33,26%ке чейин. Орт. күйүү жылуулугу 25,5 МДж/кг. Болжолдуу ресурсу 11,6 млн т. Түш.-чыгыш бөлүгүнүн ачык казып алууга жарамдуу бекитилген запасы 286 миң т. Түн.-чыгыш участкасынын бекитилген запасы С2 категориясы б-ча 144 миң т. Кенден кичи ишканалар көмүр казып алууда.