КУЛЖА-ЭМБЕС ГРАНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЖА-ЭМБЕС ГРАНИ́Т КЕНИ Талас р-нунда, Кара-Ой кыш-нан 12 км түштүктө, Кулжа-Эм­бес суусунун сол өйүзүндө. 1981-ж. табылган. Кен аймагын соңку кембрий менен ордовиктин ба­шында жиреп чыккан гранит, протерозойдун акиташ тектери түзөт. Кен биотиттүү гранит ин­трузиясынан турат. Аянттын уз. 600 м, жазылыгы 80–240 м. Арасында аплит, дайка жана протерозойдогу ксенолиттер (аянты 60x40 мге чейин) кездешет. Мында пайдалуу тектер – гра нит менен мраморлошкон акиташ. Гранит – 80%, акиташ – 18,5%. Граниттин физ.-мех. касиеттери: үстүнөн бастыргандагы бышыктыгынын чеги (кургак абалда) 114,66 МПа, сууга каныккан абалдагысы 107,88 МПа, жалпы тыгыздыгы 2,7 г/см3; мраморлошкон акиташты: үстүнөн бастыргандагы бышыктыгынын чеги (кургак абалда) 224,44 МПа, сууга каныккан абалында 107,01 МПа, жалпы тыгыздыгы 2,83 г/см3. Гранит менен акиташ тегин курулушта колдонууга болот. Гранит менен акиташ тегинин запасы А+В+С категориясы б-ча 5364 миң м3, С –4651 миң м3.