КУЙРУЧУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЙРУЧУК , Б а г ы ш а н – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Куйручук атн. айыл округуна караштуу. Жумгал суусунун жана Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1980 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Чаек кыш-нан 35 км чыгыш тарапта. Ба­лыкчы т. ж. бекетинен 145 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2269 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, мад-т үйү бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Ушул кыштакта туулган кыргыз эл куудулу Куйручуктун ысымынан аталган.