КУЙБЫШЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУ́ЙБЫШЕВ (1931–51-ж. Т а ш - Д ө б ө) – Нарын р-нундагы кыштак. Миң-Булак айыл округуна караштуу. Тоо этегинде, Он-Арча суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2060 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 30 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 212 км. 1951-ж. «Таш-Дөбө», «Өрнөк» кыш-нын кошулушунан пайда болгон. Калкы 3487 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Дарыкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, 4 тегирмен, мончо, амбулатория иштейт.