КУЗНЕЦК КӨМҮР БАССЕЙНИ
КУЗНЕ́ЦК КӨМҮР БАССЕЙНИ , К у з б а с с – Россиядагы жана дүйнөдөгү эң ири көмүр бассейндеринин бири. Кемеров, Новосибирь обл-нын аймагында. Аянты 26,7 миң км2, уз. 335 кмге чейин, туурасы 110 км. Өндүрүштүк көмүрлүү катмардынчөгүндүлөрүнүн жалпы аянты 20 миң км2ге жакын. Чалгындалган запасы 61,6 млрд т. А. и. 39,5 млрд тсы өндүрүштүк өздөштүрүүгө ыңгайлуу. Кокс көмүрүнүн запасы 37,6 млрд т. Таш көмүрдүн алгачкы кени 1721-ж. Томь д-нын жээгинде (азыркы Кемеров ш-нын аймагы) ачылган. 1842-ж. геолог П. А. Чихачев 1-жолу аймактын көмүрдүүлүгүн аныктап, «Кузнецк бассейни» деп бөлгөн. Көмүр 19-к-дын 2-жарымынан ачык жана жер астынан казылып алынууда. Бассейн – геол. түзүлүшү б-ча кембрий мезгилинде ийилип, палеозой, мезозой жана кайнозой замандарынын тоо тектери менен толуп калган ойдуң. Көмүр девондун ортосунда пайда болгон чөкмөлөрдө жана карбондун аягынан тартып, юранын кумдук-чополуу чөкмө катмарларынан орун алган. Тоо тек катмарлары бир нече жолу тектон. бүктөлүүлөргө учурап, татаалданган. 126 өндүрүштүк катмары бар. Алардын калыңдыгы 1,3–3,5 мден 20–30 мге чейин. Көмүрдүн бардык түрү (күрөңдөн антрацитке чейин) кездешет. Күлдүүлүгү 7–20%тей, нымдуулугу 5–15%, курамында күкүрт 0,4–0,6%, фосфор 0,12%. Күйүү жылуулугу 33,3–36,0 МДж/кг. Карьерден жана жер астынан казып алынат. Бассейнде көмүрдөн башка темир кенташы, чым көң, акиташ теги, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары, кооз таштардын кендери бар жана айрым бургулоо көзөнөктөрүнөн (скважинасынан) нефть менен газ (метан 13 трлн м3) да чыгат.