КУЖЕЛО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУ́ЖЕЛО Эрнест Францевич (1890, Австрия-Вен­грия, Кутенберг – 1934) – О. Азияда совет бий­лигин орнотууга жигердүү катышкандардын бири. 1-дүйнөлүк согушта өз ыктыяры менен орус армиясынын колуна түшүп (1914), чех корпусу­на кошулуп, алардын арасында рев-ячыл үгүт иштерин жүргүзгөн. 1918–19-ж. чет өлкөлүк ком­мунисттер к-тинин Кокондогу төрагасы, «3-Ин­тернационал» атн. аскер бирикмесинин, өз ал­дынча ферганалык атчандар бригадасынын ко­мандири. 1920–21-ж. басмачылар жана Бухара эмиринин аскери менен салгылашууларга жетек­чилик кылган. 1921–23-ж. Өзгөн-Алай аймагын­да атайын кызмат аткарган 1-ферганалык ат­чандар полкун жана айрым бөлүктөрдү башкар­ган. 1924-жылдан СССР рев-ячыл Аскер сове­тинде, Бүткүл россиялык Эл чарба советинде жооптуу кызматтарды аткарган.