КУДЫМКАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУДЫМКА́Р – Коми-Пермяк автономия округунун жана Кудымкар р-нунун адм. борбору. Россиядагы шаар. Иньва д. Кува д-на куя бериште, Менделеев т. ж. бекетинен 104 км аралыкта жайгашкан. Калкы 31,0 миң (2009). Жолдор тоому. Алгач 1579-жылдан эскерилет. 1938- жылдан шаар. Храмдар, жыгач үйлөр сакталган. Токой тилүү, металл иштетүү, тамак-аш, жеңил ө. ж. ишканалары, ремонт-механика з-ду иштейт. Ин-т, ун-ттин филиалдары, китепканалар, драма театр, край таануу музейи бар.