КУДАЙБЕРГЕНОВ 1
КУДАЙБЕРГЕНОВ Сарыбай (5. 4. 1925, азыркы Чүй обл., Сокулук р-ну, Шалта айылы – 11. 12. 1982, ошол эле жер) – тилчи, кыргыз тилинин грамматикасы б-ча адис, филология илимд. доктору (1968). Улуу Ата Мекендик согуштун ка-тышуучусу (1941). КМПИнин филология ф-тинде (1946–50), СССР ИАнын Тил илими ин-тунун Түркология секторунун аспирантурасында окуган (1950–53). СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых ин-тунда ил. кызматкер, сектор башчысы (1953) болгон. 160тан ашык ил. эмгеги бар. Эмгектеринде кыргыз тилинин морфологиясы, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү системасы, сөз түркүмдөрү иликтөөгө алынган.
Эмг.: Кыргыз тилиндеги сөз өзгөртүү системасы.
Ф., 1959; Кыргыз тилиндеги этиштин учур чагы менен өткөн чагы. Ф., 1961; Кыргыз тилиндеги мамиле категориясы. Ф., 1959; Кыргыз тилинде этишти жасоочу кээ бир мүчөлөр. Ф., 1968.