КУДАЙБЕРГЕНОВ Зоотбек
КУДАЙБЕРГЕНОВ Зоотбек Чороевич [17. 05. 1956, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Талас) облусу, Талас району, Чат-Базар айылы] – юстициянын генерал-майору (1996). Мектепти аяктагандан кийин «Талас» совхозунда жумушчу, Советтик Армиянын катарында (1975–1977), кайрадан «Талас» совхозу, Талас шаарында жумушчу (1977–1978). 1984-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, 1988-жылга чейин Чүй облусунун Калинин (азыркы Жайыл) районунун прокурорунун жардамчысы, улук жардамчысы болуп иштеген.

1988–1990-жылдары Фрунзе шаардык Октябрь районунун прокурорунун орун басары, 1990–1992-жылдары Чүй облустук прокурорлугунда тергөө бөлүмүнүн башчысы, 1993–1994-жылдары Кыргыз республикасынын Башкы прокурорлугунда тергөө бөлүмүнүн башчысы, 1994–1995-жылдары Чүй облусунун прокурорунун орун басары, 1995–1998-жылдары Чүй, 1998–2000-жылдары Ысык-Көл, 2000–2001-жылдары Баткен, 2001–2002-жылдары Жалал-Абад облустарынын прокурору. 2003–2005-жылдары Талас облустук мамлекеттик администрациясында коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл-Чарба министрлигинде укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында соттук-укуктук маселеси боюнча эксперт, 2012–2013-жылдары ошол эле жерде консультант.