КУДАБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАБАЕВ Зарылбек Исалыевич (22. 11. 1953- ж. т.– азыркы Нарын обл.– Кочкор р-ну– Кочкор айылы) – экономика илимд. доктору (2004)– фи­зика-математика илимд. кандидаты (1983)– КРдин эмг. сиң. экономис­ти (2003)– КРдин билим бе­рүүсүнүн отличниги (1993)–

Россия Федерациясынын статистикасынын отлични­ги (2001)– КРдин 2-класста­гы мамл. кеңешчиси. КМУ-нун физика ф-тин (1975)– Москвадагы И. Бардин атн. Кара металлургия Борб. ИИИнин аспирантурасын (1979–83)– М. Торез атн.
Москва мамл. чет тилдер ин-тун (1989–90) бүтүргөн. М. Ломоносов атн. МГУнун физика ф-тинде (1975–76)– ФПИде– КТУда окутуучу– проф.– кафедра башчысы– проректор (1977–95)– КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы (1995– 97)– КР Улуттук статистика к-тинин төрагасы (1997–2005)– 2006-жылдан Бишкектеги БААУ- нун проф. Анын 100дөн ашуун ил. эмгеги (а. и. 5 монография жана 3 окуу куралы) жарык көргөн. «Даңк» медалы менен сыйланган (1999).


Эмг.: Экономическое развитие Кыргызской Рес­публики. Б., 2001; Становление свободной экономики в Кыргызстане. Б., 2004; Проблемы сокращения бед­ности в Кыргызстане. Б., 2004; Некоторые итоги становления свободной экономики в Кыргызской Рес­публике, Мировая экономика и международные отношения. М., 2005.