КУВЕЙТ
КУВЕ́ЙТ , К у в е й т м а м л е к е т и (Даулят аль-Кувейт) – Батыш Азиядагы өлкө. Араб ж. а-нын түн.-чыгышында жана Перс булуңундагы аралдарда (Бубиян, Файлакан, Маскан, Варба ж. б.) жайгашкан. Түндүгүнөн жана баты-

шынан Ирак, түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен
чектешип, чыгышынан Перс булуңу менен чулганат (жээк сызыгынын уз. 499 км). Аянты 17,8
миң км2. Калкы 2906,7 миң (2008). Борбору –
Эль-Кувейт. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – кувейт динары. Адм.-айм. жактан 6 губернаторлукка бөлүнөт (к. таблицаны).
К. – БУУнун (1963), ЭВФтин (1962), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1962), ОПЕКтин (1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1961), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык советинин (1981) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. К-тин Конституциясы 1962-ж. 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – эмир. Мыйзам чыгаруу бийлиги эмир менен Улуттук чогулушка, аткаруу бийлиги эмир менен Министрлер кеңешине таандык. К. ас-Сабах тукумунун «мурасчыл эмираты». Мыйзам чыгаруучу органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 50 депутаттан, о. эле өкмөттүн 15 мүчөсүнөн турат, бийлик мөөнөтү 4 жыл. Эмир мураскор канзааданы, о. эле премьер-министрди жана анын көрсөтмөсү менен министрлерди дайындайт же кызматтан алат. Өкмөттү салт б-ча мураскор канзаада жетектеген, 2003-жылдан мураскор канзаада менен премьер-министрдин кызматтары бөлүнгөн. К-те саясий партияларга тыюу салынган.
Табияты
. Перс булуңунун жээги негизинен түзөң, Кувейт булуңу гана кургактыкка 40 кмге кирип турат. Кувейт булуңунда калк отурукташкан жалгыз арал – Файлака жайгашкан.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн чөлдүү түздүк ээлейт (бийикт. 290 мге чейин, өлкөнүн эң бийик жери). Түндүгүндө таштуу чөлдөр үстөмдүк кылат, алар кургак терең нуктар – вадилер (Эль-Батин ж. б.) менен тилмеленген; борб. жана түш. бөлүктөрүн дюна рельефтүү кумдуу
чөлдөр ээлейт. К-тин аймагы тектон. жактан
кембрийге чейинки Араб платформасынын түн.-
чыгыш чет-жакасында, Басра-Кувейт ойдуңунда жайгашкан. Негизги минералдык байлыгы –
нефть, анын запасы б-ча дүйнөдө 7-орунду ээлейт (2008). К-тин бүт аймагы жана акваториясы Перс булуңу нефть-газ бассейнине кирет. Ири кендери – Чоң Бурган, Эр-Раудатайн, Сабрия ж. б.
О. эле табигый газ, цемент сырьёлору (акиташ тектери), сал туз кендери бар. Тропиктик чөл климаты өкүм сүрөт. Жылдык жаан-чачыны
75–150 мм, көбүнчө кышында нөшөр түрүндө
Чөлдөгү нар төөлөр.

| Губернаторлук | Аянты,
км2 |
Калкы миң | Адм борбору |
| Асама | 0,2 | 557,4 | Эль-Кувейт |
| Ахмади | 5,1 | 513,3 | Эль-Ахмади |
| Жахра | 12,1 | 349,5 | Эль-Жахра |
| Мубарак-эль-Кабир | 0,09 | 232,9 | Мубарак-эль-Кабир |
| Фарвания | 0,2 | 743,8 | Эль-Фарва-ния |
| Хавалли | 0,08 | 509,8 | Хавалли |
жаайт. Айрым жылдары 25 мм гана түшөт. Жылдын басымдуу бөлүгүндө ысык аптап кар-

малат (июлдун орт. темп-расы 36–37°С, абс. максимуму 52°С); эң жагымдуу мезгил – кыш (декабрь–январдын орт. темп-расы 12–14°С). Чанда түнкү темп-ра 0°Сге чейин төмөндөйт. Майдан ноябрга чейин кургак түн.-батыш шамалдары (шимал) согуп, чаң жана кум бороондору менен коштолот. К-те суу өтө тартыш, туруктуу аккан агын суусу жана көлү жок. Жер астындагы суулуу горизонттор бар, алар өлкөнүн түн. бөлүгүндө тузсуз, түштүгүндө түрдүү деңгээлде минералдашкан. Суу менен камсыз болуунун негизги булагы – тузсуздандырылган деңиз суусу (жылына 231 млн м3 суу тузсуздандырылат). К. тузсуздандыруучу курулмаларынын кубаттуулугу б-ча дүйнөдө алдынкы орунда. Түндүгүндө шагыл-таштуу, борб. жана түш. бөлүктөрүндө кумдуу чөл басымдуу; айрым боз топурактуу жерлеринде сейрек чөп жана бадал өсүмдүктөрү кездешет. Өлкөнүн Ирак менен чыр-чатагынан кийин айлана-чөйрөнү жана табигый чөл ландшафтты калыбына келтирүү жана коргоого алынган жаңы аймактарды уюштуруу б-ча иш-чаралар көрүлүүдө. Аларга стационардык Эс-Сулайбия илимий резерваты, Эз-Заур тумшугу улуттук паркы, 3 деңиз паркы ж. б. кирет.
Калкы
. К-тин калкынын басымдуу бөлүгүн (71,2%ин) арабдар түзөт: 57,8%и кувейттиктер (анын 10%и бедуиндер), 3,8%и ирактыктар, 3,6% леванттыктар, 2,2%и египеттиктер, 1,9%и палестиналыктар, 0,9%и йемендиктер, 0,5%и оман арабдары, 0,5%и сириялыктар. Күрддөр 10,6%, перстер 4,6, армяндар 0,9%, түш. азиялыктар 8%, филиппиндиктер 3,4%. О. эле ассириялыктар, америкалыктар, француздар, кытайлар да жашайт. Мамл. дини – сүннөт ислам дини. К-тин калкы 1961–2008-ж. 9 эсе өскөн; анын себеби – төрөлүүнүн көптүгү (1000 адамга 21,9 бала), өлүм-житим 2,4 адам, сырттан жумушчу күчү көп келет (сырткы миграциянын сальдосу 1000 тургунга 16,4 адам; 2008). Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуулар (15–64 жаштагылар) басымдуу – 70,6%, 15 жашка чейинки балдар 26,5%, 65 жаштан ашкандар 2,9%. Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 77,6 жыл (эркектердики 76,4, аялдардыкы 78,7 жыл). 100 аялга 153 эркек туура келет. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 163,3 адам туура келет (2008). Өлкөнүн чыгышында жыш (1 км2 жерге орто эсеп менен 6,4 адам) отурукташкан. Шаар калкы 96%тей. Ири шаарлары (2008): Жалиб-эш-Шуюх (калкы 177,9 миң), Сабах-эс- Салим (141,7 миң), Эс-Салимия (134,5 миң), Эль- Курайн (131,1 миң). Экон. активдүү калкы 2,1 млн (анын 80%и чет өлкөлүк жумушчулар).
Тарыхы
. Файлака а-нан табылган шаар калдыктары, грек храмдарынын жана устаканаларынын эски урандылары ж. б. К-тин азыркы аймагы б. з. ч. 3-миң жылдыктан Дильмун мамлекетинин курамына киргендигин айгинелейт. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында К. Вавилонияга, 8-к-дын ортосунда Жаңы Ассирия державасына, 626-ж. кайрадан Вавилонияга баш ийген. Б. з. ч. 539-ж. Перс, б. з. ч. 4-к-дын аягынан Селевкиддер, кийин араб мамлекети Харакенанын курамына кирген. Б. з. 7-к-нан Халифат бийлигине караган. К. аймагын 1258-ж. моңгол аскерлери, 15-к-дын аягына чейин жерг. араб урууларынын шейхтери башкарган. 16-к-да К. аймагы Осмон империясынын, 17- к-дын 2-жарымында Бану Халид эмиратынын курамына кирген. 1756-ж. шейх Сабах ибн Жабер ас-Сабах (1752–62) К. аймагында жашаган
бардык урууларды бириктирип, К. эмиратын түзгөн (1937-ж. чейин К. башкаруучулары шейх деп аталган). Сабахтар династиясы К-ти Индия менен Батыштын ортосундагы соода борборуна айлантып, өлкөнүн абалын жакшырткан.
Тышкы саясатын ийкемдүү жүргүзүп, осмон башкаруучулары Басра жана Саудиддер менен тынчтыкты колдогон. 1793-ж. Эль-Кувейт ш-нда Британиянын Ост-Инд компания (ОИК) факториясы негизделип, 1798–99-ж. вахабиттердин кол
салуусунан К-ти коргоп калган. 1899-ж. Улуу Британия шейх Мубаракты жашыруун келишимге кол коюуга мажбурлаган. Натыйжада К. өкмөтү Улуу Британиянын макулдугусуз башка мамлекеттер менен мамиле түзүүдөн четтелген. 20-к-дын башында К-те ө. ж. өндүрүшү пайда болгон. 1910-ж. К-те табылган нефтиге ээ болуу
үчүн Улуу Британия менен АКШнын ортосунда атаандаштык башталып, 1913-ж. Улуу Британия нефть чалгындоо жана иштеп чыгарууга укук алган. 1914-ж. ноябрда Улуу Британия менен К-тин ортосунда жаңы келишимге кол коюлуп,
К. британиялык протекторатка айланган. 1917–
22-ж. аймактык маселелер б-ча Саудиддер менен кагылышуулар болуп, 1920-ж. Эль-Жахранын алдындагы салгылашта К. жеңилген. 1920-ж. апрелден 1921-жылдын октябрына чейин өлкөнү саудиддер армиясы оккупациялаган. 1922-ж. ноябрь-декабрдагы Укайр конф-ясынын негизинде К-тин бир бөлүгү Саудиддерге берилип, кувейт-сауд чек ара зонасы (1942-жылдан бейтарап зона) түзүлгөн. 1927-ж. К-те «Kuwait Oil Co» компаниясы түзүлүп, нефть казуу иштерин жүргүзүүдө англичандар менен америкалыктар тең укукка ээ болушкан.
1929–33-ж. дүйнөлүк экон. кризиске байланыштуу К-тин экон. абалынын начарлашы кувейттиктер кыймылынын өсүшүнө алып келген. Египет рев-ясы (1952) жана Суэц кризисине (1956) байланыштуу К-те британиялык өкмөткө каршы нааразычылыктар күч алган. 1961-ж. 19- июнда К. көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланган. 1961-ж. 20-июлда К. араб мамлекеттеринин лигасына мүчө болгон. 1962-ж. 16- ноябрда К-тин жаңы Конституциясы кабыл алынып, эмирге кеңири укуктар берилген. 1963-ж. 23-январда К-те алгачкы парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Улуттук чогулуш түзүлгөн. 1968-ж. Араб өлкөлөрүнүн (Сауд Арабиясы
жана Ливия) уюму – нефть өнөктөштөр бирикмеси негизделген. 1975-ж. К. өкмөтү чет өлкөлүк нефть компанияларынын таасирин чектөө чараларын көрүп, «Kuwait Oil Co» компаниясынын мүлктөрүн мамлекеттештирген. 1976-ж.
өлкөдө саясий кырдаал курчуган. Эмир Сабах III аль-Салем ас-Сабах атайын жарлыгы менен Улуттук чогулушту таркаткан. Өлкөдө массалык толкундоолор башталып, ислам экстремисттик уюмдардын иш-аракеттери күчөгөн. Элдик толкундоолордон чочулаган К. бийлиги парламентти кайра калыбына келтирүү үчүн чечим кабыл алган. 1981-ж. Улуттук чогулушка шайлоо өткөрүлгөн, бирок өлкөдө туруктуу абал түзүлгөн эмес. 1990-жылдары кайрадан Ирак менен К-тин мамилелери курчуп, Ирак аскерлери К-ти оккупациялаган. 1991-ж. 28-февралда «Чөлдөгү бороон» операциясы учурунда Иракка каршы коалициялык күчтөр К-ти бошоткон. 1990-жылдары К. АКШ, Улуу Британия, Франция, Россия ж. б. мамлекеттер менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1992-ж. Улуттук чогулуш кайрадан ишин уланткан. К. бийлиги финансы иштерин кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө ж. б. көңүл бурушкан. 2003-ж. Иракта С. Хусейндин режимин кулатууда К. АКШ жана анын союздаштарын колдоп, өз аймагына Иракка каршы коалициялык күчтөрдү жайгаштырган.
2006-ж. Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах эмирликке шайланып, көптөгөн өлкөлөр менен дипл. мамилелерди түзгөн.
Чарбасы
. Экономикасынын негизин нефть
ө. ж. түзөт. 21-к-дын башталышынан нефть
өндүрүү жана ажыратуу ИДП наркынын 50%ке жакынын, түшкөн валютанын 90%тен ашыгын, мамл. бюжет кирешесинин 95%ин камсыз кылат. Нефтини экспорттоодон түшкөн каражат экономиканы жаңылоого, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү ж. б. өнүктүрүүгө жумшалат. Мамл. 2 резервдик фонд түзүлгөн: Келечектеги муундар фонду (жылдык чегерүү нефтиден түшкөн кирешенин 10%ин түзөт) жана Жалпы резервдик фонд; резервдик фонддордун жалпы
наркы 209 млрд долларга бааланат. К. – ири эл
аралык донор, 1961-жылдан Кувейт араб өлкөлөрү экон. өнүгүү фондусу аркылуу араб өлкөлөрүнө (Египет, Сирия, Иордания ж. б.) экон. жардам берет. Өлкөнүн экон. саясатынын артыкчылыктуу багыттары – экономиканы диверсификациялоо, нефть секторуна жана мамл. субсидияга күнкорлугун басаңдатуу (2000-жылдардын ортосунан мамл. сектордун экономикадагы жетектөөчү ролу сакталууда), чет өлкөлүк инвестицияны тартуу, мамл. мүлктү менчиктештирүү программасын (нефть секторунан башкасын) ишк е ашыр уу. 20 05-жылдан к оммуналык сектордун ишканалары, порттор, май куюучу станциялар, телекоммуникация ишканалары менчиктештириле баштаган.
ИДПнин көлөмү 149,1 млрд доллар, аны киши
башына бөлштүргөндө 57,4 миң доллардан туура келет (2008). ИДПнин реалдуу өсүүсү 8,5% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,916 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 31-орунда). ИДП-нин структурасында ө. ж-нын үлүшү 52,4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 47,3%, а. ч-ныкы 0,3%, чет
өлкөлүк инвестиция 19,7%. Өлкөнүн нефтисинин аныкталган запасы дүйнөлүк нефтинин 9%тен ашыгын түзөт. 2007-ж. суткасына 2,6 млн баррель нефть өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн нефтинин 90%тен ашыгы экспорттолот. Иштетилип жаткан негизги кендери өлкөнүн түндүгүндө (Эр-Раудатайн жана Сабрия кендери), батышында (Минакиш, Умм-Гудайр), түш.-чыгышында (Чоң Бурган кендер тобу), мурдагы Бей-


тарап зонанын чегинде (Эль-Бахра), о. эле Перс булуңунун шельфинде жайгашкан. Табигый газ негизинен башка кендер менен кошо (2006-ж. 12,5 млрд м3) өндүрүлүп, толугу менен өлкө ичинде пайдаланылат. Энергетикасы өзүнүн углеводород сырьёсун пайдаланат. 44,75 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлүп, 39,5 млрд кВт.сы пайдаланылат (2006). Ири ЖЭСтери Эль-Кувейт,
Эль-Ахмади, Эль-Фухайхил ш-нда. Нефть ажыратуучу 3 ири з-ду (жалпы кубаттуулугу суткасына 900 миң баррель нефть) иштейт; алар Эль- Ахмади, Мина-Абд-Аллах, Мина-Шуайб ш-нда. Эш-Шуайбда ири нефть-химия комплекси иштейт. Металл иштетүүчү жана металлургия, тиричилик техникасын чыгаруучу, нефть жабдууларын ремонттоочу, кеме куруучу, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалары бар. Деңиз суусун тузсуздандыруучу 5 ишкана иштейт.
А. ч-га жарактуу жери чектелүү. Кувейт кризисинин учурунда (1990–91) а. ч. жеринин кыйла
бөлүгү өрттөн жана нефть каптоодон өтө жапа
чеккен. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгын сырттан сатып алат. 21-к-дын башында өлкөнүн жеринин 1%ке жакын аянты иштетилген; анын
3 бөлүгү жаңы технологияны пайдаланып сугарылат. Негизинен жашылча жана курма пальмасы өстүрүлөт. Балык уулоо жана деңиз продуктуларын (негизинен креветка) кармоо өнүккөн. Экон. жактан активдүү өнүккөн сектору,
башкы тармактары – мамл. башкармалуу, банкфинансы иштери, чет элдик туризм, соода. Банк сектору К. Борб. банкынан (1969-ж. негизделген), 7 коммерциялык банктан (а. и. К. Улуттук банкы, 1952-ж. негизделген, Перс булуңу аймагындагы алгачкы улуттук банк) жана ислам банкынан турат. Камсыздандыруу бизнесинде 37 коммерциялык банк иштейт; өлкөдөгү эң ири К. фонд биржасы Перс булуңу өлкөлөрүндөгү Сауд фонд биржасынан кийинки 2-орунда. Чет
өлкөлүк туризмден түшкөн киреше жылына
6 млрддан ашык АКШ долларын түзөт. Автомобиль жолунун жалпы уз. 5749 км.
К. автомобиль жолдору аркылуу Ирак (Басра) жана Сауд Арабиясы (Эр-Рияд, Даммам) менен байланышат. Деңиз соода флотунда 38 деңиз кемеси бар, анын 22си – нефть танкери. Башка өлкөлөрдүн (а. и. Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейндин) желеги менен 34 К. соода кемеси сүзүп жүрөт. Негизги деңиз порттору: Мина-эль-Ахмади (өлкөнүн экспорттук негизги порту), Эш-Шуайба, Эш-Шувайх, Мина-Абд-Аллах, Эль-Кувейт. 7 аэропорту бар; эл аралык аэропорту Эль-Кувейт ш-нда. Магистралдык куур транспортунун уз. 866 км, анын 540 кми нефть кууру, 269 кми газ кууру 57 кми нефть продукту кууру (2007).
Сырткы соода товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 84,3 млрд доллар (2007); анын 63,7 млрд доллары экспортко, 20,6 млрд доллары импортко туура келет. Негизги экспорттук товарлары: нефть жана нефт продуктулары, о. эле аз өлчөмдө химия ө. ж. продукциялары (негизинен семирткичтер). Экспорттук соода шериктери: Япония, Түш. Корея, Кытай, Сингапур, АКШ, Нидерланд. Азык түлүк, ө. ж. жана транспорт жабдуулары, автомобиль, курулуш материалдары, кийим ж. б-ды АКШ, Япония, Германия, Кытай, Сауд Арабиясы, Италия, Улуу Британия, Индия, Түш. Кореядан сатып алат.
Маданияты
Билим берүүсү
4 жаштан 6 жашка чейин мектепке чейинки, милдеттүү 8 жылдык окутуу (4 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто мектеп) жана 4 жылдык толук орто билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто билимдин базасында атайын коллеждер иштейт. Эркек балдар жана кыздар бөлөк окутулат. Окутуу – акысыз (бала бакчадан ЖОЖго чейин).
15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 93, 3%ти түзөт (2007). Жогорку билим берүүнү Кувейт ун-ти (1966) жана мамл. эмес ЖОЖдор (Кувейт-Маастрихт бизнес мектеби, 2003; Америка ун-ти, 2004; ж. б.) ишке ашырат. К. Улуттук китепканасы (1936) иштейт. Улуттук (1957), ил. пед. (1972), ислам иск-восу (1983), Т. Ражаб атн. (1980) ж. б. музейлери бар.
Күн сайын чыгуучу 7 гезиттин бешөө («Аль-
Анба», 1976; «Ал-Кабас», 1972; «Аль-Ватан», 1976 ж. б.) араб тилинде, экөө англис тилинде («Тhe Arab Times», 1963; «Тhe Kuwait Times», 1961) чыгат. Жума сайын «Ар-Раид» (1969),
«Аль-Хадаф» (1961) ж. б. гезиттер жарык көрөт.
Айына 105, жумасына 110 журнал чыгарылат. Радиоуктуруусу 1951-жылдан, телекөрсөтүүсү 1957-жылдан иштейт.
Адабияты
. К. элинин ад-ты – жалпы араб мадтынын бир бөлүгү. Абдель Жалил ат-Табата –
К. ад-тынын баштоочусу жана агартуучу деп эсептелет. Анын классикалык араб ад-тынын негизинде жазылган ырлар жыйнагы 1882-ж. Индияда басылган. 1911-ж. уюшулган аль-Мубаракия мектеби мад-тты кайра түзүүнү баштаган. Анын айрым бүтүрүүчүлөрү көрүнүктүү адабий ишмерлер жана агартуучулар болушкан: Абд аль- Азиз ар-Рашид («Кувейттин тарыхы», 1926), Халида ибн-Мухаммад аль-Фараджи («Мунира», 1929) ж. б. 1940-жылдары Халид Халяф («Тагдырдын кылдаттыгы», «Суу менен асман аралыгында» новеллалары, экөө тең 1947), Фахда ад-Дувейрлер («Болумуш», 1948, ж. б. аңгемелери) прозада ийгиликке жетишти. Улуу муундагы жазуучулардан Мухаммад аль-Фаиз («Моряктын эскерүүсү», 1961; «Бирюза шакек», 1984), Ахмад аль-Удван («Тамчы», 1996), К-тин гимнинин автору акын жана драматург Фаик Абдель
Жалил («Абу Зейд – баатыр из кубар», 1974 ж.
б.) белгилүү. 1960-жылдардын аягында К. адтында прозага жаңы муундун өкүлдөрү Сулейман аш-Шат, Сулейман аль-Хулайф, Исмаил Фахд Исмаил, жазуучу-фантаст Абдель-ваххаб ас-Саид келишти, поэзия өнүгүүдө (Суад Мухаммад ас-Сабах ж. б.). Жазуучулар прозада жаратылышты жана бедуиндердин жашоосун мактоону заманбап араб коомундагы социалдык маселелерди талдоону, элдин жашоо мүнөзүндөгү
өзгөрүүлөрдү тема кылып алышты.
Б. з. ч. 3 миң жылдыктан б. з. 17-к-на чейин мад-т очогу Файлака а. болгон. Арх-сында байыркы грек жана ахеменид элементтери айкалышкан эллин мезгилиндеги чептердин урандылары б. з. ч. миң жылдыктын ортосуна таандык байыркы курулмалар болуп саналат. Эль- Кусурдагы археол. казууда галереялары менен жана крест сыяктуу пландагы сыйынуу жайы бар эрте христиан чиркөөсүнүн урандылары (б. з.
5-к-нын аягы – 6-к-нын башы) ачылган. Эл-
Куранияда 16–17-к-дагы чептин калдыгы табылган. 18–19-к. курулган шаар үйлөрүнүн эң
эскилери – адатта ылайдан согулган, көбүнчө
бир кабаттуу, бир нече ички короосу бар типтүү
үйлөр (эс алуу жана эркектердин баарлашуу бөлмөлөрүнүн терезелери үйдүн көчөнү караган фасадында). Турак үйлөрдүн жасалгаларында түрк, иран, индия элдеринин арх-расынын таасирлери байкалат. Файлак а-нда салттуу турак жай кварталы сакталган. К-теги биздин күнгө чейин сакталып келген эң эски мечиттер – Аль-
Хамис (1772–73) жана Абд аль-Раззак (1797; экөө
тең – Эль-Кувейтте). Эль-Жахрда (1895) Кызыл
сепил сакталган. 1950-ж. экономиканын жогорулашы жаңы курулуштардын пайда болуусуна түрткү берди. К-те чет элдик арх-лор иштей баштайт. Эль-Кувейт үчүн модернизм стилинде функциялык зоналарга бөлүнгөн генералдык

план сериясы (1952, «Monprio, Spensly and Macfarlen» бюросу; 1968, «C. Buchanan and Partners» ж. б.) иштелип чыккан. Ислам архитектурасы менен модернизм стили айкалышкан бараандуу курулуштар салынууда: аль-Сейф
өкмөт дворецинин жаңы имаратында (1960–64) мусулман зодчийлигинин басымдуулугу байкалса, Эль-Кувейт муниципалитетинин имараты (1962, арх. Салам Абдель Баки) заманбап батыш арх-расынын негизинде курулган. 1970- жылдары бул тенденциялардын баары постмодернизмге биригет: мис., өкмөт имараттар комплекси жана аль-Сейф дворецинин жаңы канаты (1973–83, арх. Р. Пиетиля), Улуттук чогулуш имараты (1973–85, Й. Утзон), масштабдуу мамл. мечит (1976–84, арх. М. Макия) ж. б. Неомодернизм белгилери «Нефть секторунун» бийик имаратынан көрүнөт (1996–2005, арх. А. Эриксон). К-те профессионалдык сүрөт иск-восу 20- к-дын ортосунан башталат. Алгачкы К. сүрөтчүлөрүнүн бири – М. аль-Доссари реалисттик чыгармаларды жараткан. Ушул эле нукта 20-к-да башка да живописчилер эмгектенишкен. Сюрреализмдин таасири скульптор С. Мухаммаддын чыг-лыгында (20-к-дын аягы – 21-к-дын башы); экспрессионизм живописчи С. Аль Айюбинин чыг-лыгында байкалат. Элдик кол өнөрчүлүк өнүгүүдө.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Обший обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Вся Азия. Географический справочник. М., 2003; Исаев В. А. Кувейт: контуры экономических перемен. М., 2003; Исаев В. А., Филоник А. О., Шагаль В. Э. Кувейт и кувейтцы в современном мире. М., 2003; Большая Российская энциклопедия. Т. 16. М., 2010.