КУБА-САЙ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБА-САЙ ЧОПО КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түн.-батыш­та, деңиз деңг. 913–919 м бийикте. Кенди 1930-ж., 1974-ж. ар кандай ишканалар бир нече жолу чалгындаган. Муян көмүр кенчеси менен бай­ланышкан юра мезгилине таандык 4 чопо гори­зонту (I–IV) пайдалуу катмар болуп эсептелет.
Алардын жалпы калыңдыгы 41,4 м түзөт. Тех­нол. жана жарым заводдук изилдөөлөрдүн неги­зинде, бардык горизонттун чопосу сульфатка ту­руктуу «500» маркасындагы портланд-цемент алууга жарай тургандыгы аныкталган. I–IV чопо горизонтторунун запасы А категориясы б-ча 400 миң т, В – 1231 миң т, С1 – 2885 миң т, С2 – 504 миң т.