КУБАНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБА́НЬ – Ставрополь жана Краснодар крайла­ры аркылуу аккан дарыя. Уз. 870 км, алабы­нын аянты 57,9 миң км2. Эльбрустан баштал­ган Уллукам жана Үч-Кулан д-нын кошулушу­нан түзүлөт. Невинномысск ш-нан төмөн Ку­бань-Азов бою ойдуңуна чыгат. Азов деңизинин Темрюк булуңуна куярда дельтаны пайда кы­лат (аянты 4,3 миң км2). Негизги куймалары: Кичи Зеленчук, Чоң Зеленчук, Уруп, Лаба, Ак, Пшиш (сол). Суусунун орт. чыгымы Краснодар ш. тушта 393 м3/сек. Жайында суусу кирет. Жы­лына 7 млн т шиленди агызып келет. Лабанын чатынан баштап кеме жүрөт; жогорку бөлүгүндө сал агызылат. К-да Краснодар суу сактагычы курулган. Суусунун жарымы Невинномысск су­гат каналы аркылуу Егорлык д-на (Дондун ала­бы) кошулат. Дельтасында балык өндүрүшү (су­дак, кара деңиз чабагы, осётр сымалдар ж. б.) бар. Боюнда Карачаевск, Черкесск, Невинно­мысск, Армавир, Новокубанск, Кропоткин, Усть- Лабинск, Краснодар ш., дельтасында Темрюк де­ңиз порту жайгашкан.