КУБАНЫЧ ҮЛҮЛДҮҮ АКИТАШ КЕНИ
КУБАНЫЧ ҮЛҮЛДҮҮ АКИТАШ КЕНИ
Жалал-
Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 17 км түш.-чыгышта, Чаңгет-Сай суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1110–1190 м бийикте. 1984–85-ж. чалгындалган. Кендин аянты ортоңку палеогендеги (түркстан катмарчасы) доломиттешкен үлүлдүү акиташтан, гипстешкен чоподон жана төртүнчүлүк мезгилиндеги кумайлуу чоподон түзүлгөн. Үлүлдүү акиташ бири-биринен айырмаланган үч горизонттон турат. Жалпы калыңдыгы 9 мден 15 мге чейин өзгөрөт. Орт. тыгыздыгы 2,12 г/см3, көзөнөктүүлүгү 24,38%, суу сиңирүүсү 7,81%, үстүнөн бастырганда бектигинин чеги (кургак абалда) 46,96 МПа, сууга каныккан абалда – 38,95 МПа, жумшаруу коэфф. 0,83. Кесек бөлүнүшү 93,4%. Үлүлдүү акиташ дубал курууга жана каптама катарында колдонууга жарамдуу. Доломиттешкен үлүлдүү акиташтын запасы А категориясы б-ча 203,7 миң м3, В – 186,6 миң м3, С – 599,7 миң м3. Кумайлуу чопонуку – А+В – 658 миң м3, С – 510 миң м3.