КУБАЛЫКТАР
КУБАЛЫКТАР (өздөрүн к у б а н о с деп аташат) – эл, Кубанын негизги калкы. АКШ (1 млн), Канада (10 миң), Испания (20 миң) жана Латын Америка мамлекеттеринде да жашайт. Жалпы саны 12,4 млн киши, а. и. 11,2 млну Кубада (2008). Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү – католиктер, протестанттар жана африкалык-христиандык ар кандай синкреттүү динге ишенгендери да бар. К-дын этностук негизин абориген индейлери, испан келгиндери менен кул катары Африкадан (16–19-к.) алып келинген негрлер түзгөн. К-дын улут болуп калыптанышына 30 жылдык (1868–98) улуттук-боштондук согуш, 1933-жылдагы рев-я, 1959-жылдагы элдик рев-я маанилүү этаптардан болду. К. дыйканчылык менен кесиптенишип, дубалы пальма жыгачынан тургузулуп, үстү пальма жалбырагы менен жабылган үйлөрдө жашаган.

Эркектер кенен көйнөк, башына чий калпак, аялдар чыттан тигилген юбка, кыска күрмө кийип, түстүү жоолук салынат. Тамак-ашы негизинен күрүч, төө буурчак, жүгөрү, жер-жемиштер, о. эле деңиз жээгинде жашагандар бал ык, моллюска, таш бака ж. б. пайдаланышат. Учурда калктын көпчүлүгү шаарда жашап, ө. ж-да иштешет. Карнавал, короз чокуштуруу ж. б. элдик оюндары бар.