КУБАКЫ КОРГОШУН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАКЫ КОРГОШУН КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нын түн.-чыгы­шында, Кызыл-Омпол тоосунун борб. бөлүгүндө. 1932-ж. табылган. Кен аймагын пермь мезги­линде пайда болгон сиенит массиви түзөт. Алар аркылуу субмеридиан багытында созулуп жат­кан тектон. жарака өтөт. Кен ошол жаракада­гы кварц-флюорит-сульфид тарамчаларында топтолгон. Кенташ тулкусу 55° бурч менен чыгыш­ка карай жантайып жатат. Уз. бир нече кмге созулат. Калыңдыгы 2–3 м. Негизги минерал­дары: галенит, сфалерит, халькопирит, гематит, барит, кварц, флюорит. Кенташ минералы – галенит. Ал чачынды түрдө тараган. Кенде кор­гошундан башка цинк менен флюорит бар.