КСИЛОФОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КСИЛОФО́Н (ксило... жана ...фон) – муз. урма аспап. Ал Европада 19-к-дан белгилүү. Ансамблдерде, опералык жана симф. оркестрлерде, жеке да ойнолот. К. төрт катар тик жайгашкан, иреттүү күүгө кел-

тирилген түрдүү узундуктагы жыгач кесиндилеринен турат. Жыгач балкачалар менен урулуп ойнолот. Ал ар түрдүү көлөмдө болот. К-дун маримба жана тубафон ж. б. түрлөрү бар. Көп элдерде, айрыкча Африкада, Түш.–Чыгыш Азияда, Латын Америкасында тараган.