КСЕРКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕРКС (байыркы фарсыча Хшаяршан – «па­дышалардын баатыры») (болжол менен б. з. ч. 522–465) – перс падышасы (б. з. ч. 486–465).
Ахемениддер династиясынан чыккан Дарий Iнин уулу. 486–484-ж. египеттиктердин перс бий­лигине каршы чыккан көтөрүлүшүн баскан. 482-ж. Месопотамиядагы вавилондуктардын кө­төрүлүшүн талкалап, 481-ж. Вавилон падыша­лыгын перс сатрапиясына айланткан. 481-ж. жазында К. Грекияга каршы жортуулга чык­кан. 480-ж. августта Түн. Грекияда Фермопил­деги ири салгылашууда Афиныны басып алган, бирок бир ай өткөн соң, Саламин деңиз салгы­лашында бириккен грек флоту перстерди тал­калаган. Ушундан кийин К. согушту андан ары улантуу үчүн кол башчысы Мардонийди армия­сы менен Фессалияга калтырып, өзү армиянын бир бөлүгүн алып, Сардыга (Лидиянын борбо­ру) кайткан. 479-ж. Платеи ш-на жакын жерде­ги чечүүчү салгылашта перс армиясы талкала­нып, кол башчысынан ажыраган. Натыйжада грек-перс согуштары (б. з. ч. 500–449) гректер­дин жеңиши менен аяктаган. 465-ж. августта К. хан сарайында өлтүрүлгөн. К-тин бийлиги учурунда а-

«Ксеркс кол чатыр кармаган кулдардын коштоосунда». Пер­сеполдогу рельеф. Б. з. ч. 5-к.

Персеполь, Суз жана Экбатанда хан срайлар салынган. К-тин башкаруу мезгилинен байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде 20га жакын клинопистик жазуулар сакталып калган.