КРЫМ ХАНДЫГЫ
КРЫМ ХАНДЫГЫ – крым татарларынын Алтын ордодон бөлүнүп чыккан (15–18-к.) феод.
мамлекети. 1239-ж. моңгол-татарлар Крымда жашаган алан, кыпчак, славян ж. б. элдерди каратып, жарым аралдын түз жерлерин басып алган жана 13-к-дын аягында аны өздөрүнүн туруктуу жайлоо-кыштоосуна айландырышкан.
13–14-к-да Крымда өзгөчө акимдик (борбору –
Солхат) түзүлүп, 1433-ж. ич ара күрөштүн натыйжасында феодал ак сөөктөрдүн колдоосу менен Девлет-Хажи-Гирей бийликке келген. 1443-ж. Литва Улуу княздыгына таянып, ал Алтын Ордого көз карандысыз К. х-н түзгөн.
Менгли-Гирей хандын тушунда (1468–1515) түрк
аскерлери Крымга басып киргенден кийин (1475),
К. х. Түркияга көз каранды хандыкка айланган. К. х-нын феодал ак сөөктөрү олжо, туткун, салык алуу үчүн 16–17-к-да Россия, Украина,
Польша жерлерине кол салып турган. 17–18-
к-дагы орус-түрк согуштарында К. х. Түркияны колдогон. Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими (1774) б-ча К. х. Түркияга көз карандылыктан кутулуп, Россиянын протекторатындагы көз карандысыз хандыкка айланган. 1783-ж. Россия империясынын курамына биротоло кошулган.
Ад.: Новосельский А. А. Борьба Московского государства с татарами в 1-й половине XVII в. М.; Л., 1948; Смирнов В. Д. Крымское ханство под верховенством Оттоманской Порты. М., 2005. Т. 1. До начала XVIII в.