КРЫМ СОГУШУ
КРЫМ СОГУШУ (1853–56), Ч ы г ы ш с о г уш у – Ж. Чыгыш үчүн Россиянын Улуу Британия, Франция, Түркия, Сардиния коалициясы менен болгон согушу. 19-к-дын ортосунда Улуу Британия менен Франция Россияны Ж. Чыгыш рыногунан чыгарып, Түркияны өзүнө баш ийдирген. Император Николай I Ж. Чыгышты Улуу Британия менен ортоктош бийлөө жөнүндөгү аракетинен натыйжа чыкпагандан кийин, Түркияга түздөн-түз кысым жасоо менен позициясын калыбына келтирүүнү чечкен. Улуу Британия жана Франция чыр-чатакты күчөтүп, Россияны начарлатууга, андан Крым, Кавказ ж. б. аймактарды тартып алууга умтулган. Согуштун башталышына православие жана католицизм динчилеринин ортосунда Палестинадагы «ыйык жерге» ээ болуу үчүн 1852-ж. чыккан талаш-тартыш шылтоо болгон. Түркия 1853-ж. 4 (16)-октябрда Россияга согуш жарыялаган, бирок орус армиясы чабуулдун мизин майтарган. Вице-адмирал П. С. Нахимов жетектеген орус армиясы Синоп салгылашуусунда түрктөрдүн Кара деңиздеги флотун талкалаган. Түркиянын жеңилиши Улуу Британия менен Франциянын согушка киришин тездеткен. 1853-ж. 11 (22)-апрелде Англия-Франция эскадрасы Одессаны аткылаган. Севастополь 1854–55-ж. 349 күн баатырдык менен коргонуп, душманга багынган эмес. 1855-ж. 14(26)-январда Россияга каршы согушка Сардиния королдугу кирген. Душмандын бир нече чабуулунан кийин орус аскери Севастополду таштап, түндүккө чегинген. 1855-жылдын аягында согуштук кагылышуулар басаңдап, Венада кайрадан сүйлөшүүлөр башталган. Россия согуштук курал-жарак, техника жана эконом. жактан Батыш Европадан өтө артта калган. Швеция, Пруссия жана Австриянын Россияга кастыгы курчуган. Ушундай кырдаалда орус падышалыгы 1856-ж. 18 (30)-мартта Париж тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болгон (к. Париж тынчтык келишими). К. с. эки тараптан тең адилетсиз, басып алуучу мүнөздө болгон.
Ад.: Тарле Е. В. Крымская война. М., 2005. Т. 1–2.