КРЫМДЫН ТҮШТҮК ЖЭЭГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЫМДЫН ТҮШТҮК ЖЭЭГИ Крым ж. а-нын түш. жээк тилкеси; батышынан Айя тумшугу-

Крым жарым аралынын түш.-батыш жээги.

нан чыгышында Карадаг жанартоо массивине

чейин 100 кмден ашык аралыкта созулуп жа­тат. Туурасы 2–8 км. Түндүгүнөн Яйланын ур­чуктары менен чектешет. Тоо этегиндеги дөңсөөлүү түздүк басымдуу; тоолуу рельеф локкалиттер (Аюудаг, Кастель) да мүнөздүү. Климаты субтро­пиктик. Жер ортолук деңиз тибинде. Жыгач­бадалдуу ксерофит өсүмдүктөрүнө жер ортолук деңиз флорасынын түрлөрү да (эмен-арча токою, дайыма жашыл бадалчалар, шибляк жана фри­гана бадалдары) аралаш өсөт. К. т. ж. маанилүү курорт зонасы (климаттык терапия, деңиз суу­суна түшүү мөөнөтү июлдан сентябрга чейин). Климаттык курорттор, курорттуу посёлкалар жана аймактар көп. Алар: Алупка, Алушка, Ар­тек, Гурзуф, Карасан, Кастрополь, Кореиз-Гас­пра, Көгүлтүр булуң, Күчүк-Ламбат, Ливания, Массандра, Меласс, Мисхор, Ореанда, Симеиз, Форос, Ялта. К. т. ж-нде Мартьян тумшугу, Ял­та, Карадаг коруктары, белгилүү Никита ботан. багы бар.