КРУПСКАЯ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРУ́ПСКАЯ (У л ь я н о в а) Надежда Констан­тиновна [14 (26). 2. 1869, Санкт-Петербург – 27. 2. 1939, Москва] – педагогиканын жана билим берүү системасынын теоретиги, уюштуруучусу, сов. мамл. жана парт. ишмер,

СССР ИАнын ардактуу мү­чөсү (1931). 1917–20-ж. эл агартуу системасын түзүү, уюштуруу б-ча директива­лык жоболорду, концепция­ларды иштеп чыгууга ак­тивдүү катышкан. Элге би­лим берүү системасын де­мокр. негизде уюштуруу б-ча прогрессивдүү педагог­дордун көз караштарын жактаган. Калктын жалпы мад-тын жогорула­тууда мектептеги таалим-тарбия ишин жүргү­зүүнү күчөтүү керектигин белгилеген. Балдардын жана жаштардын коомдук уюмдарынын иш­мердүүлүгүнүн теор. негиздерин иштеп чыккан.


Ад.: Н. К. Крупская: Биография. М., 1988; Кума­нев В. А. Противостояние: Крупская – Сталин. М., 1994.