КРОНШТАДТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРОНШТА́ДТ (1972-ж. чейин К р о н ш л о т) – Россиядагы шаар. Санкт-Петербургдагы Крон­штадт р-нунун адм. борбору. Финн булуңунун Котлин а-нда жайгашкан. Санкт-Петербургдан 29 км аралыкта. Калкы 42,6 миң (2009). Деңиз порту. Паром менен Ломоносов ш., автомобиль жолу аркылуу материк менен байланышат. К. Чеп катары 1700–21-ж. Петербургду деңиз жактан коргоо максатында Пётр Iнин буйругу менен ку-

Ч. Т. Айтматов Т. жана У. Усубалиев Кронштадттагы стадиондо кыргыз-моряктарынын арасында (1966).

рулган. К-да Россиядагы алгачкы деңиз астр. (1857) жана компас (1864) обсерваториялары салынган. 18-к-дын 20-жылдарынан Балтика флотунун негизги базасы болгон. Аскер-деңиз музейи, радиону ойлоп тапкан орус физиги А. С. Поповдун кабинет-музейи, архит. эстелик­терден чеп (18-к.), деңиз собору (1903–13-к.) сак­талган. Пётр Iге, адмирал С. О. Макаровго ж. б. эстеликтер тургузулган.


Ад.: Крестьянинов В. Я. Кронштадт – город-музей.
СПб., 2008.