КРОМЕРЖИЖ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРО́МЕРЖИЖ – Чехиядагы шаар. Злинский крайында. Морава д-нын өрөөнүндө жайгашкан.

Калкы 29,4 миң (2009). Шаар алгач 1110-жылдан эскерилет. Шаар дубалдары (13-к.), Ыйык Маврикий чиркөөсү (1260-ж. чен), ратуша, монета двору ж. б. сакталган. Гүл бакча, сүрөт галереясы, китепкана, музей архиви бар. Сепил жана бакча Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.