КРОМВЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРО́МВЕЛЬ Оливер (25. 4. 1599, Хантингдон – 3. 9. 1658, Лондон) – Англиядагы революция­нын (17-к.) ишмери. 1653-жылдан респ-нын лорд­протектору; индепенденттер партиясынын же­текчиси. Буржуазиянын

жана жаңы дворяндардын мү­дөөсүн жактаган. Парла­менттин мүчөсү (1628–29), «узак парламенттеги» ко­ролго каршы оппозиция­нын активдүү ишмери (1640- жылдан). Биринчи (1642– 46) жана экинчи (1648) жа­рандык согушта парламент­тин «жаңы үлгүдөгү» ар­миясын түзүп, королдун ас­керин 2 жолу (1644, 1645) талкалап, жеңишке жетишкен. Армияга таянып, парламентти ашынган пресвитериандардан тазалап, (1648) королду өлүм жазасына тартууга (1649, 30-ян­варь) жана Англияны респ. деп жарыялоого (1649, 19-май) жигердүү катышкан. 1650-ж. лорд-ге­нерал болуп дайындалып, демокр. агымдын өкүлдөрүн, Ирландия жана Шотландиядагы улут­тук боштондук көтөрүлүштөргө (1949–52) катыш­кандарды аёосуз жазалаган. 1653-ж. протекто­рат режимин орнотуп, өлкө ичиндеги буржуа­зиянын бийлигин убактылуу чыңдаган. Англи­янын соодасын өнүктүрүүгө, колонияга болгон үстөмдүгүн күчөтүүгө умтулган.


Ад.: Барг М. А. Кромвель и его время. 2-е изд., М., 1960; Павлова Т. А. Кромвель. М., 1980.