КРИОСФЕРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИОСФЕ́РА (крио– жана сфера) – Жердин атм., гидросфера жана литосферанын өз ара аракеттенүү зонасындагы үзүк-үзүк кабыгы. К-да муз болот же анын пайда болушуна шарт түзүлөт. К-нын төмөнкү чеги тоң жана тоңгон тоо тектердин таманынан (калыңдыгы Антарктидада 4–5 км, уюлга жакын аймактарда 1,5–2 кмге чейин) ионосферанын төмөнкү чегине чейин (калыңдыгы 100 км) жетет. К-га көп сандагы криогендик тектер: муз булуттары, кар катмары, көлмөлөрдүн үстүнкү муз катмары, чоркайнар, тоо мөңгүлөрү жана мөңгү катмарлары таандык. Терминди поляк окумуштуусу А. П. Добровольский (1923) сунуштаган.