КРИМИНАЛИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИМИНАЛИ́СТИКА (лат. criminalis – кыл­мышка тиешелүү) – сот далилдерин чогултуу, изилдөө жана баалоо б-ча атайын ыкмалар, ме­тоддор, каражаттар системасын иштеп чыгуучу илим. Бул ыкмалар, методдор уголовный сот иштерин жүргүзүүдө, кылмыштын бетин ачуу­да жана тергөөдө, уголовный, кээде жарандык иштерди кароодо колдонулат. К. кылмыш про­цессинин чегинде пайда болуп, 19-к-дын ая­гында өз алдынча илимге айланган. К. или­мине А. Бертильон, Е. Ф. Буринский (Россия), Р. А. Рейс (Швейцария), У. Гершель, Г. Фолдс, Ф. Гальтон, Э. Генри (бардыгы – Улуу Брита­ния), Ч. Ломброзо, Э. Локар (Франция) ж. б. салымдарын кошкон. Алардын эмгектерине тая­нып, 1898-ж. Г. Гросс илимге «К.» терминин киргизген. К-нын маанилүү бөлүктөрү: К-нын жалпы теориясы, К. техникасы, К. тактикасы жана тергөө методикасы. К. техникасы далил­дерди жыйноо, аныктоо, изилдөө б-ча атайын ыкмалар менен ил.-тех. каражаттар системасын камтыйт. К-нын бул бөлүгүнө сот баллистика­сы, сүрөт жана видео жазма, габитоскопия, фоноскопия, трасология, кол жазма изилдөө документтери, дактилоскопия, К-лык одороло­гия ж. б. кирет. К-лык техника өзүнүн өнүгүү­сүндө табигый жана тех. илимдердин жетишкен­диктерин, матем. жана статистикалык методдор­ду, эсептөөчү аппаратураларды, газ хромато­графия методун, үн жазууну, кинофототехника жана спектроскопия ж. б-ды кеңири пайдаланат. Ушунун негизинде кол жазманы аныктоо, порт­ретти идентификациялоо методикасы калыпта­нып, трасологияда м үмкүн болгон бардык көчүрмөлөрдү алуу ж. б. ишке ашырылат. К. тех­никасы издөө жана тергөө иштери б-ча тех. жабдуулар менен камсыз кылууну талап кылат. К-лык техника каражаттарына тергөө кызмат­керлери, судьялар, эксперттер пайдалануучу ап­паратуралар, жабдуулар, материалдар, тергөө че­моданы, атайын констр-дагы фотоаппарат, са­лыштыргыч микроскоп, электрон-оптикалык өзгөртүп түзүүчү аппарат, спектрограф, рентген аппараты ж. б. кирет. К. иш б-ча конкреттүү жагдайды эске алуу менен ар бир тергөө жана сот иштеринин, оперативдик издөө чараларынын мүмкүнчүлүгүн өтө натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү ыкмалардын системасын – К. тактикасын иштеп чыгат. К. тактикасынын ыкмалары тергөө иштерин жүргүзүүдө, тергөө экспериментинде, сурак жүргүзүүдө ж. б. учур­ларда кеңири колдонулат. Кылмыштын түрлө­рүн (киши өлтүрүү, уурдоо, карактоо, тоноо, өрттөө ж. б.) изилдөөдө колдонулуучу ыкма, метод жана каражаттардын жыйындысы К-нын өзгөчө бөлүмүн – конкреттүү кылмыш түрлөрүн изилдөө методикасын (жекече методиканы) түзөт. Бул методикага ылайык тергөө иштерин жүргүзүүнүн, оперативдик-издөө чараларын кол­донуунун ырааттуулугу жана өзгөчөлүгү анык­талып, тергөөдө колдонуу үчүн К. техникасы менен тактикасынын ыкмалары жана каражатта­ры тандалат. К. кылмышты болтурбоо чарала­рын да алдын ала иштеп чыгат. пературадагы суукту туюндурат (мис., крио­сфера, криоскопия ж. б.).