КРИК 1
КРИК Фрэнсис Харри Комптон (8. 6. 1916, Нортгемптон – 28. 7. 2004, АКШ, Калифорния штаты, Сан-Диего) – англ. биофизик жана генетик, мол. биологияны негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон король коомунун мүчөсү (1959). Лондон унтинин коллежин аяктаган (1937). 1947–77-ж. Кембриж ун-тинин түрдүү лабор-ларында (1962- жылдан мол. биология лабор-сынын башчысы), 1953–54-ж. Бруклин политех. ин-тунда (Нью- Йорк) иштеген. 1977-жылдан Солк биол. изилдөөлөр ин-тунда (АКШ, Калифорния) проф.- изилдөөчү, Калифорния ун-тинин проф. Негизги эмгектери нуклеин к-тасынын мол. түзүлүшүн изилдөөгө жана тирүү клеткадагы ген. маалыматтардын берилүү жолдорун чечүүгө арналган. Ж. Д. Уотсон менен бирдикте ДНКнын түзүлүшүн, анын эселенүү (репликация) схемасын аныктап, клетканын бөлүнүүсүндө тукум куума белгилердин тукумга берилүү механизмин алгач түшүндүргөн (1953). Ген. коддун келип чыгышын (1970-ж., Л. Оргел менен бирдикте) сунуштаган. 1980-жылдан нейробиология маселелеринин үстүндө иштеп, аң-сезим, көрүү жана түш көрүү механизмдерин изилдеген. К. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1962, Ж. Уотсон, М. Уилкинс менен бирге).
Эмг.: Безумный поиск: личный вклад на научное
открытие. М., Ижевск, 2004.