КРИКОТИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИКО́ТИН Степан Павлович (1910, Оренбург обл., Ново-Покровка р-ну, Ново-Михайловский кыш. – 1985, Фрунзе) – Соц. Эмг. Баатыры(1963). Эмгек жолун 1937-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармасынын геол.-чалгындоо партияларында бургулоочу мастер, бургулоо участкасынын прорабы болуп иште-

ген. Түстүү металл кендерин
чалгындоодо жана өндүрүштүк тапшырмаларды жогорку технология-экон. көрсөткүчтөр менен орундатууда зор ийгиликтерге жетишкен. Көп жылдык ишинде жүздөгөн жумушчуну бургулоо адистигине үйрөткөн. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.