КРИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИК – 1) мезгил-мезгили менен соолуп калуучу дарыя же суу агымы. Кургакчыл мезгилде ча­чынды көлмөлөргө айланып кетет. Термин кө­бүнчө Австралияда, энчилүү аттарда пайдала­нылат; мис., Куперс-Крик. 2) АКШда деңизге түзөң жээктен куйган чакан дарыялардын эстуа­рийи да К. деп аталат.