КРИВОЙ РОГ ТЕМИРЛҮҮ КЕНТАШ БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИВОЙ РОГ ТЕМИРЛҮҮ КЕНТАШ БАССЕЙНИ – Украинадагы ири темир кени орун алган аймак. Днепр д-нын алабында. Уз. 100 км, туу­расы 2–7 км, түндүктөн түштүккө созулуп жат­кан тилке. Аянты 300 км2. 1881-жылдан казып алынат. Бассейндин аймагын кембрийге чейин пайда болгон чөкмө-метаморфизм тектердин калың катмары ээлеп жатат. Темир кенташы катмарлардын ортосундагы калыңдыгы 2 кмге жеткен темирлүү кенташ геол. формациядан орун алган. Мында темирлүү кварцит менен сла­нецтерден турган 7–8 катмар кездешет. Катмар­лар тектон. процесстердин таасиринен көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп, түзүлүшү татаалдан­ган. Темирлүү кварцит гематит менен магнетит­тен же алардын аралашмасынан турат. Темир орт. 30–45%ти түзөт. Ушуга жараша кенташ өз ичинен б а й (гематит-магнетиттүү) жана ж а р­д ы (темир-кварцит-магнетиттүү) түрлөргө бөлүнөт. Бассейнде темирге өтө бай (темир орт. 57,6%) кенташтын чалгындалган запасы 1,7 млрд тга жетет (1972-ж. 1-январга карата).
Магнетиттүү кварцит – 11,6 млрд т болот. Те­мир кенташы 900 м тереңдиктен казып алынат.


Ад.: Геологическое строение и железные руды Кри­ворожского бассейна/Под ред. Я. Н. Белевцева. М., 1957.