КРЕСТТҮҮЛӨР ЖОРТУУЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕСТТҮҮЛӨР ЖОРТУУЛДАРЫ – 1096– 1270-ж. христиандардын ыйык жерлерин му­сулман бийлигинен бошотуу урааны менен батыш европ. феодалдардын жана католик чиркөөсүнүн Чыгышка (Сирия, Палестина, Түн. Африка) карай баскынчыл согуштары. К. ж-на катыш­кандар кийимдерине крест белгисин тагыныш- Кресттүүлөрдүн ыйык жерге жортуулу (миниатюра, 1200). Гаага, Король китепканасы.

кан (жортуулдун аты ушундан улам аталган). К. ж-нын чыгышына Кичи Азиядагы Византия­нын (к. Византия империясы, Селжуктар) ээликтерин жана христиандардын «ыйык шаа­ры» Иерусалимди түрк-селжуктардын басып алышы (11-к.) шылтоо болгон. Византия импе­ратору түрк-селжуктарга каршы батыштан (Рим) согуштук жардам сурап кайрылган. Экономи­касы жакшы өнүккөн Ж. Чыгышты басып алуу батыштын бийлөөчү чөйрөсүнүн негизги мак­саты болгондуктан, папачылык андан пайдала­нып, К. ж-н баштоого демилге көтөргөн. Би­ринчи крест жортуулунун (1096–99) натыйжа­сында К. Азияда кресттүүлөрдүн алгачкы мам­лекети – Эдес графтыгы түзүлгөн (1098). Крест­түүлөр Иерусалимди каратып (1099), Иерусалим королдугун негиздеген. 1144-ж. мусулмандардын Эдес графтыгын басып алышы менен экинчи крест жортуулу (1147–49) башталган. Эдес графтыгын мусулмандардан бошотуу үчүн жортуулду ыйык Бернар Клервоский уюштуруп, Франция жана Германия королдору Людовик VII менен Конрад III жетектеген. Кресттүүлөр К. Азияга жеткенде селжуктардан талкаланып, чегинүүгө аргасыз болгон. 1187-ж. египеттик султан Салах-ад-Дин­дин Иерусалимди басып алышы үчүнчү крест жортуулунун (1189–92) башталышына шылтоо болгон. Иерусалимди бошотуу үчүн монархтар – Германия императору Фридрих I Барбаросса, Англия королу Ричард I Арстан Жүрөк жана Франция королу Филипп II Август башында турган кресттүүлөрдүн аскери 1191-ж. Акра че­бин басып алып, Салах-ад-Дин менен тынчтык ке­лишим түзүшкөн. Бирок, Салах-ад-Дин кели­шимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Ри­чард I Арстан Жүрөк 2000 мусулман туткуну­нун башын алып салууга буйрук берген. Натый­жада христиан зыяратчылары үчүн Иерусалим­ге эркин кирүүгө шарт түзүлгөн. Рим папасы Ин­нокентий III Египет мусулмандарына каршы уюштурган төртүнчү крест жортуулунда (1202– 04) Константинополь ш. алынып, Латын импе­риясы түзүлгөн. Австрия герцогу Леопольд VI жана венгр королу Андраш II Египет менен Сирия­ны басып алуу максатында бешинчи кресттүүлөр жортуулун (1217–21) уюштурган, бирок жортуул ийгиликсиз аяктаган. Алтынчы кресттүүлөр жортуулу (1228–29) Иерусалимди ээлөөгө багыт­талган. Натыйжада Иерусалим, Вифлеем жана Назаретти кайтарып берүү жөнүндө Ыйык Рим им­ператору Фридрих II Египет султаны менен кели­шим түзгөн. Франция королу Людовик IX ба­шында турган Египетти басып алуу үчүн же­тинчи (1248–54) жана Тунис султанын христиан динине өткөрүүгө багытталган сегизинчи К. ж. (1270) королдун туткундалышы жана өлүмү менен аяктаган. 1291-ж. Акра чеби мусулмандардын колуна өтүшү менен кресттүүлөр К. Азиядагы басып алган жерлеринен биротоло ажыраган. 200 жылга созулган К. ж. Чыгыш элдерине бир топ зыян келтирип, христиан жана ислам дини­нин пикир келишпестиктерине алып келген, бирок Батыш Европа өлкөлөрүнө чыгыштын тех., чарбалык жана маданий жетишкендикте­ринин жайылышын шарттаган.


Ад.: Заборов М. А. Крестоносцы на Востоке. История крестовых походов / Под. ред. Дж. Райли-Смита. М., 1998; Успенский Ф. И. История крестовых походов. М., 2005.