КРЕПОСТНОЙ УКУК
КРЕПОСТНО́Й УКУК – феод. мамлекеттин феодализм тушундагы дыйкандардын көз карандылыгын толук жана аёосуз бекемдөөчү укук нормаларынын жыйындысы. Ал дыйкандарды бөлүп берилген жерлеринен кетишине тыюу салып, аларды тиешелүү феодалдардын бийлигине укум-тукумуна чейин баш ийдирген. К. у. мамлекетти борборлоштуруп башкаруу шартында феодалдын а. ч. азык-түлүктөрүн сатуу үчүн өндүрүүгө багытталган чарбасы менен барщинаны кеңейтүүнүн негизинде келип чыккан. Дыйканбарщинникти жерге бекитүү, анын качып кетишине жол бербөө максатын көздөгөн. К. у. Батыш Европада 16–18-к-да, Борб. жана Чыгыш Европада 18–19-к-да реформалардын натыйжасында жоюлган. Россияда К. у. 11-к-да пайда болгон. Дыйкандар жер ээлерине мөөнөтсүз бекитилип, качкандарын 5–10 жыл ичинде таап, кожоюндарына кайтаруу жөнүндө мыйзам колдонулган. Алар мүлк күтүү укугунан ажыратылып, базарда мал катары сатылган. Жер ээлерине баш ийбеген дыйкандарды уруп-сабоого жол берилип, Сибирге сүргүнгө айдоо, түрмөгө камоо тууралуу мыйзам чыгарылган. Помещиктер өздөрүнүн дыйкандарынын үстүнөн адм. жана сот бийлигинен тышкары мамлекет салган салыкты чогултушкан. Помещик менен дыйкандардын өз ара мамилеси мыйзам аркылуу чектелбегендиктен, көпчүлүк учурда дыйкандар помещиктердин зордук-зомбулугуна дуушар болуп, акырында К. у. кулчулуктун бир түрүнө айлана баштаган. Капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө байланыштуу Россиядагы феод.-крепостнойлук системанын кризиси күчөй берген. 18-к-да К. у. өлкөнүн өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө бөгөт болуп, маданий жана социалдык прогресске тоскоолдук кылган. Ошондуктан крепостной дыйкандарды сатууга ж. б. тыюу салынган мыйзамдар чыгарылган. Дыйкандар кыймылынын күчөшүнөн улам, 1861-ж. 19-февралда орус падышасы Александр II дыйкандарды эркиндикке чыгаруу б-ча манифестке кол койгон. Бирок, К. у-тун калдыктары ондогон жылдарды кучагына камтыган. К. у-тун жоюлушу менен Россия капиталисттик өнүгүүнүн жолуна түшкөн, к. Колонат. К. Алымкулов.