КРЕДИТ СИСТЕМАСЫ
КРЕДИ́Т СИСТЕМАСЫ – кредит мамилелеринин, кредит берүү формаларынын жана методдорунун, о. эле кредит мекемелеринин системасынын жыйындысы. К. с. банк системасынан жана банкка тиешеси жок кредит уюмдарынан түзүлөт. Банк системасы К. с-нын өлкөдөгү эркин акча каражаттарын чогултуп, керектөөгө карата улуттук чарба субъекттеринин арасында бөлүштүргөн негизги бөлүгү катары каралат. Банкка тиешеси жок кредит уюмдарына инвестициялык ж. б. фонддор, кредит иш-чараларын жүргүзгөнгө укугу бар бардык уюмдар кирет. Экон. системанын бөлүгү катары К. с-нын өзүнүн функциялык, ин-ттук жана уюштуруучулук өзгөчөлүктөрү бар. Ага товар-акча мамилелеринин өсүү деңгээли, коомдук жана экон. тартип, кредит мамилелери б-ча иштелип чыккан укук жана мыйзам негиздери, экон. циклдеги фазанын экон. абалы, мамлекеттин же улуттук (борб.) банктын кредит чөйрөсүн жөнгө салышы, анын өнүгүшүнүн ачыктыгы таасир этет. К. с-нын чарба жүргүзүүсү (борб., рыноктук, өтмө), өнүгүү деңгээли (өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан), геогр. мүнөзү б-ча (улуттук жана эл аралык) классификацияланган бир нече тиби белгилүү.