КРАСОВСКИЙ ЭЛЛИПСОИДИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРАСО́ВСКИЙ ЭЛЛИПСОИДИ – Жердин эллипсоиди. Астроном-геодезист, СССР ИАнын корр. мүчөсү Ф. Н. Красовский жетекчилик кылган Борб. геодезия, аэросъёмка, картография ил.-из. ин-тунун кызматкери А. А. Изотов 1940-ж. эсептеп чыккан. Анын чоң жарым огу (экватордук радиусу) 6 378 245 мге, кичине жарым огу (уюлдук радиусу) 6 356 863 мге, уюлдук кысылышы 1:298,3 барабар. Ушуга байланыштуу мурда колдонулуп келген Бесселдин эллипсоидинин ордуна К. э-н колдонуу жөнүндө 1946-ж. СССР Министрлер Советинин токтому чыккан. Азыр геодезия жана картография иштеринде кеңири колдонулат. Жердин өлчөмүн, формасын так эсептеп чыккандыгы үчүн Ф. Н. Красовскийге (өлгөндөн кийин) жана А. А. Изотовго 1952-ж. СССР мамл. сыйлыгы ыйгарылган.