КРАСНОЯРСК
КРАСНОЯ́РСК – Россиядагы шаар (1822-жылдан). Красноярск крайынын адм. борбору. Енисей д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 936,4 миң (2008). Т. ж. тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. К. аркылуу Транссибирь магистралы, «Байкал» (Новосибирск – Кемерово – Красноярск – Иркутск – Листвянка) жана «Енисей» (Красноярск – Абакан – Кызыл – Моңголиянын чек арасына чейин) федерация автотрассасы өтөт. Чыгыш Сибирдин илим, билим, маданий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (токой жана целлюлоза-кагаз, кеме ө. ж. үчүн жабдуу, экскаватор, комбайндардын тетиктерин даярдайт), түстүү металлургия, хим. (хим. була, жасалма каучук, шина), жеңил ө. ж. ишканалары, алюминий (дүйнөдүгү эң ири; 2007-ж. 1 млн тга жакын өндүрүлгөн), муздаткыч чыгаруучу «Бирюса» (Россиядагы эң ири) ж. б. з-ддор иштейт. 1628-ж. негизделген. 19-

к-дын 2-жарымынан сүргүнгө айдалчу жер болгон. Россия банкынын билетине түшүрүлгөн 7 шаардын бири. Көпөстөрдүн үйлөрү (1854), коноктор ак сарайы, бийик аркалуу соода катарлары (1860), эклектика стилиндеги турак-жайлар (20-к-дын башы, алтын өндүрүүчүлөрдүн),
чиркөөлөр, кечилканалар, соборлор ж. б. сакталган. Он үч ЖОЖ (а. и. 2 ун-т), РИАнын Сибирь бөлүмүнүн Красноярск ил. борбору, музейлер (а. и. край таануу, В. И. Суриков атн. сүрөт), В. И. Суриковдун үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар (а. и. опера жана балет, муз. комедия, драма, куурчак) бар. К-ге жакын ГЭС курулган. К-дан 3 км түш.-батышта Мамылар коругу уюштурулган. Эл аралык фестивалдар (опера) жана конкурстар өткөрүлүп турат.