КРАСНОДАР КРАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАСНОДА́Р КРАЙЫ – РФтин европ. бөлүгүн­дөгү субъектиси. Чоң Кавказдын батышында жайгашкан. Түш.-батышын Кара деңиз, түн.- батышын Азов деңизи жана Керчь кысыгы чул­гайт. Абхаз Респ-сы жана Украина (Керчь кызы­гы аркылуу) менен чектешет. Аянты 75,5 миң км2. Калкы 5,1 млн (2008). Адм.-айм. жактан 38 районду, 26 шаарды, 12 шаарчаны камтыйт. Бор­бору – Краснодар ш. Түштүк федерация округуна кирет. Мамл. бий­ликтин органдар системасы Краснодар крайы­нын 1997-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат. Администрация башчысы – губер­натор.
Табияты калктын жашоосуна жагымдуу. Экол. абалы крайдын түздүк бөлүгүндө а. ч-нын (мал чарба комплекстеринин) жана ө. ж-дын кал­дыктарынан (пестициддер менен) булганып, хим. өндүрүшү өнүккөн аймактарда өтө курч абалда. Кубань д. жана Азов деңизинин акваториясы пес­тициддер жана жер семирткич, Кара деңиз нефть продуктулары аркылуу (Новороссийск менен Туап­сенин аймагы) булганууда.
Крайдын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Ку­бань-Азов бою ойдуңу ээлейт. Чыгышында Став­рополь дөңсөөсү, түш.-батышында жана түш­түгүндө Чоң Кавказдын батыш тармактары жатат. Климаты түздүктөрүндө мелүүн конти­ненттик, тоолорунда нымдуу, салкын, Кара де­ңиздин жээгинде субтропиктик. Январдын орт. темп-расы –4°Сден –5°Сге чейин (Кара деңиз жээги), июлдуку 22–24°С, тоолорунда 8–13°С. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден 1400 ммге чейин (Сочинин аймагында), тоолорунда 3200 мм жана андан ашык (Ачишхо кырка тоосу жана Крас­ная Поляна аймагы). Тоолорунда климаты бийиктеген сайын өзгөрөт. Эң ири дарыясы – Кубань, куймалары: Уруп, Лаба, Ак ж. б. Түз­дүктөрүндө кара, тоо этектери менен тоолорунда күрөң топурак басымдуу. Түзөң жерлери айда­лат. Тоолорунда 1200 мге чейин жазы жалбы­рактуу (эмен, бук, граб), 1200 мден 1800 мге чейин ийне жалбырактуу токой, андан жогору субальп жана альп шалбаасы жатат. Туапсе ш-нан түштүгү­рөөктө субтропика өсүмдүктөрү өсөт. Кен бай­лыктарынан нефть, газ, темир жана мар­генец кендери, мер­гел, гипс, кайнатма туз казылып алы­нат. Россиядагы аг­роклиматы жана то­пурак ресурстары жакшы аймак. Ка-

Абрау көлү.

ра деңиз жээги – өлкөдөгү маанилүү курорттук жана туристтик зона. Минералдуу суулары, дары баткактары көптөгөн курорт менен санаторийлерде колдонулат.

Калкынын негизин орустар (86,5%) түзөт, о. эле украиндер (2,6), армяндар (5,3), беларус­тар, грузиндер ж. б. элдер жашайт (2002). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 67,9 киши (2008). Пра­вославныйлар, протестанттар, католиктер, му­сулмандар, иудейлер да бар. О. эле эски каада­салттарды да тутат. Шаар калкы 52,6%. Ири шаарлары: Сочи, Новороссийск, Армавир, Ейск, Геленжик, Кропоткин.
К. к. – Россияда өнүккөн ө. ж-луу, а. ч-луу регион. Дүң продукциясынын көлөмү 185,1 млн рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү 15,7%, а. ч-ныкы 18,5%. Дан эгиндерин (жалпы Рос­сиянын 9,8%и), кант кызылчасын жыйноо (26,8%) жана өндүрүү (34%), суу май (21,6%), эт (6%), бал өндүрүү б-ча 1-, күн караманын да­нын чогултуу (19,9%), жүзүм шарабы өндүрүшү (14,5%) б-ча 2-, сүт жана сүт азыктарын даярдоо­до 3-орунда турат. О. эле жашылча-жемиш бе­лендөөдө да алдынкы катарда. Башкы ө. ж. тар­мактары: тамак-аш (жашылча консервалары, сүт, эт, кант, май ж. б.), машина куруу жана металл иштетүү, электр-энергетика, отун, куру­луш материалдар.
А. ч-нын негизин жашылча өстүрүү түзөт.
А. ч-га жарактуу жери 4464,3 миң га (жер фон­дунун 59,1%и), а. и. айдоо аянты 3687,6 миң га, анын 55,9%ине дан эгиндери (негизинен күз­дүк буудай, жүгөрү, күздүк сулу), шалы эгилет. О. эле тоют жана тех. өсүмдүктөр (күн карама, кант кызылча, соя, күздүк рапс, эфир-май өсүм­дүктөрү) өстүрүлөт. Жашылчачылык, мөмө-же­миш, жүзүмчүлүк өнүккөн, крайдын түштүгүндө чай өстүрүү өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-сүт

«Еврохим – Белая Речка минералдык жер семирткич» ишканасы.

багытында. Чочко асыралып, үй куштары ба­гылат. Т. ж-нун уз. 2088 км (2007), асфальт­талган автомобиль жолу 17 миң км, суу жолу 455 км. Порттору: Новороссийск (Россиядагы эң ири; жылына 110 млн т жүк ташылат), Туапсе (20 млн т ), Сочи ж. б. Аэропорттору (Сочи, Ад­лер, Краснодар, Анапа) бар. 1483 мектепке че­йинки, 1270 жалпы билим берүү, 71 кесиптик баштапкы жана 139 кесиптик орто билим берүү мекемелери, 140 ЖОЖ (а. и. 11 мамл.) иштейт. 5 театр (а. и. муз., куурчак), 2 филармония, 3 цирк, 38 музей (а. и. край таануу, сүрөт музейи; Краснодарда), 4 китепкана иштейт.


Ад.: Краснодарский край // Большая Российская энциклопедия. Спец. том. Россия. М., 2004; Красно­дарский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010. Р.

Карачалова.