КРАМСКОЙ
КРАМСКО́Й Иван Николаевич (27. 5 (8. 6). 1837– Воронеж губ., Острогожск ш. – 24. 3 (5. 4). 1887– Санкт-Петербург) – орус живописчиси жана сүрөт сынчысы, коомдук ишмер. Петербург көркөм сүрөт академиясынын академиги (1869). 1857– 63-ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. К-дун портреттик чыгармалары социалдык-психол. тереңдиги менен айырмаланат: И. И. Шишкиндин (1873), Л. Н. Толстойдун (1873), Н. Т. Третьяковдун (1876) ж. б. портреттери (баары Третьяков галереясы). Ал тарткан портреттерде карапайым адамдардын жан дүйнөсү берилген: («Мина Моисеев»– 1882– Орус музейи– Санкт-Петербург; «Жүгөн кармаган дыйкан»– 1883– Киевдеги орус иск-во музейи). Тематикалык картиналары филос.-этикалык проблемалары, адамдардын татаал сезим-туюмдарын чагылдырууга багытталган («Белгисиз аял»– 1883– «Оор кайгы», 1884, экөө тең Третьяков галереясы). К-дун негизги чыгармасы – «Христос чөлдө» (1872– Третьяков галереясы). Анда сүрөтчү диндик сюжетти моралдык-филос. планда берип, өзүн курмандыкка берүү идеясын ча-

.
гылдырат. 1878-ж. Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медаль менен сыйланган.
Ад.: Крамской И. Н. Каталог выставки. М., 1988;
Карпова Т. И. И. Крамской. М., 2001.