КРАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРА́КОВ , К р а к у в – Польшадагы шаар. Вис­ла д-нын боюнда жайгашкан. Краков воеводду­гунун адм. борбору. Калкы 734,4 миң (2006). Эл аралык аэропорту бар. Кара металлургия, ма-

Башкы рынок аянты жана «Сукенице».

шина куруу, хим., цемент, эмерек, тамак-аш– татымал, полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т, обсерватория, улуттук сүрөт музейлери,

Вевле сүрөт топтому бар. Шаар 8–10-к-да негиз­делген. 11–16-к-да Польша мамлекетинин, 1815– 46-ж. Краков Респ-нын борбору. 1809–15-ж. Варшава княздыгынын курамына кирген. Се­пил (бийкеч Мария костёлу (13–16-к.), 10-к., го­тика стилиндеги собор роман криптосу менен, ка­пелласы жана бейит үстүндөгү жазуулары, корол­дор ак сарайы; 13–17-к.), шаардын эски бөлүгүндө чеп калдыктары (15-к.), готика стилиндеги бий­кеч Мария костёлу алтары менен, «Сукенице» соода катарлары (13–19-к.), ун-ттин байыркы имара­ты сакталган. К-дун тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.


Ад.: Савицкая В. И. Краков. М., 1975.