КРАКАТАУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАКАТА́У (Krakatau) – Индонезиядагы арал жана аракеттеги жанартоо. Ява жана Суматра а-н бөлүп турган Зонд кысыгында жайгашкан. Аян­ты 10,5 км2. Бийикт. 813 м. Жанартоо 1883-ж. өтө катуу атылып, андан 19 км3 жанартоо күлү ж. б. материалдар бүркүлүп чыгып, 800 миң км2ден ашык аянтты каптап калган. Натый­жада күл абада топтолуп, бир нече жыл бою 80 км бийикке чейин кечке жуук жана таңга маал асман ачык болуп, жаркыроо кайталанып тур­ган. Жанартоонун атылуусунан бийикт. 20 мге жеткен деңиз толкуну жанаша жаткан арал­дарды каптап, 36 миңге жакын адам жок бол­гон. Акыркы жолу 2008-ж. атылган.

Кракатау. Жанартоонун жалпы көрүнүшү.