КОҢУР-ӨЛӨҢ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ МӨҢГҮЛӨРҮ – Тескей Ала-Тоо­нун түн. капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги 2 мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш). Ак-Терек суу­сунун оң курамы – Коңур-Өлөңдүн башында жайгашкан. Ч ы г ы ш м ө ң г ү с ү н ү н уз. 5,8 км, аянты 11,0 км2, абляциясынын аянты 6,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4760 м, эте­ги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Куралуу аймагы эки ири мөңгүнүн би­ригишинен пайда болот. Этегинин калыңдыгы 25–30 мге жетет. «Тилинин» учу м-н азыркы моренанын аралыгы 35–40 м. Б а т ы ш м ө ң­г ү с ү н ү н уз. 3,5 км, аянты 5,8 км2, абляция­сынын аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3440 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Мөңгүнүн бети бир аз жантайыңкы, тегиз. Азыркы этек моренадан 2 км төмөндө дагы мореналардын үйүлүп жаты­шы мөңгүнүн акырындык м-н тартылып барат­кандыгына күбө. Мөңгүлөрдөн Коңур-Өлөң суу­су башталат.