КОҢУР-ӨЛӨҢ–АЛА-БАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ–АЛА-БАШ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунун түш.-батыш бөлүгүндө, Тоң р-нунун аймагында. Түштүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түндү­гүнөн Д убана (бийикт. 2223 м), Тегерек, Көк- Жар, Курбу жапыз тоолору м-н чекте шет. Чы гыш жагында Жер-Үй өрөөнүнө, батышта Се­миз-Белге өтөт. Таманынын абс. бийикт. 2000– 2100 м, уз. 40 км, туурасы 7 км. Рельефи түзөң. Тескей Ала-Тоонун этегинде шиленди конуста­ры жатат. Өрөөндүн ичи төртүнчүлүк мезгили­гыш жанин аллювий, пролювий ж-а бир аз морена бор­поң тегинен турат. Генезистик тиби б-ча – ме­гасинклиналдык ойдуң. Климаты континент­тик, жайы мелүүн (15°С), кышы суук (–15– –20°С), жылдык жаан-чачыны 300–350 мм (кар­дын калыңдыгы 10–20 см). Коңур-Өлөң, Мам­бет-Төр, Ичке-Төр, Ийри-Суу Чыгыш ж-а Батыш Кара-Сууга кошулуп, Ак-Терек суусун түзөт. Ак- Терек суусу Дубана тоосун кесип агып, Ысык- Көлгө куят. Ойдуң жер астындагы сууга бай, чыгыш бөлүгүндө Айдың-Көл көлү (к. Коңур- Өлөң) (аянты 0,7 км2 ) бар. Топурагы боз-күңүрт ж-а саз кыртыштуу, тоо капталдарында – кара коңур. Тескей беттерде талаа, шалбаа, өлөң саз, күнгөй бетте (Тегерек) жарым чөл, кургакчыл ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Ойдуңда Ала-Баш, Дөң-Талаа, Комсомол, Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Тогуз-Булак кыш. жайгашкан. Мал чарбасы (айрыкча кой чарбасы) өнүккөн.